• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда алгачкы жолу балдар үчүн фантастикалык тасма тартылды

Маданият 0

Бишкек, 17.01.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Кыргыз киносунун 77 жылдык тарыхында алгачкы ирет балдар үчүн кыргыз фантастика тасмасы тартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүү фонду билдирди.

Тасма учурда Кыргызстандагы балдар чет элдин фантастика тасмаларын көрүп, башка маданият, көз караштарын таанып, үйрөнүп жаткандыктан тартылган.

"Продюсер Курман Жолдошев менен режиссер Сүйүн Откеев чыгармачыл тобу менен эки жыл аралыгында балдар үчүн фантастика тасмасынын үстүндө иштешти. "Жетикс" тасмасын тартуунун максаты Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунуна алар менен бирге өсүп, кубанып, кайгырып, күлүп жүргөн балдарды көрсөтүү", - деп айтылат маалыматта.

Тасмадагы каармандардын бири "600" заттарды ордунан жылдыра алса, Шумкар жарыктын ылдамдыгына тең чуркайт. Андан тышкары Карлыгач, Дөңгөч жана Аймерген деген каармандар бар. Сыйкырдуу күчкө ээ балдар Нарго планетасынан келген чоочун жандар уурдаган 32 окуучуну табуу үчүн биригишет.

Тасманын бет ачары 2019-жылдын 24-январында болот.

Пикир

Оставить комментарий