• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы жолу дүйнөнүн мыкты көз боёмочулары чогулушат

Маданият 0


Бишкек, 01.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Алгачкы жолу Кыргызстанда дүйнөнүн, Азия жана Европанын чемпион көз боёмочулары чогулушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине уюштуруучу Назгүл Насиева билдирди.

Анын айтымында, 9-10-мартта Бишкекте Россия, Кытай, Казакстан, Малайзия, Өзбекстан, Корея, Кения жана АКШнын дүйнөлүк класстагы сыйкырчылары эстен кеткис шоу, өзгөчө сыйкыр майрамын тартуулашат.

“Буга чейин Борбор Азияда дүйнөлүк класстагы көз боёмочулар бир сахнага чогулган эмес. Кыргызстандан ага-ини Өмүрбек жана Амантур Молдокматовдор катышат. Көз боёмочулардын дүйнөлүк шоусуна келиңиздер”, - деп белгиледи уюштуруучу.

Пикир

Оставить комментарий