• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жолугушууда Айваз Оморканов 2022-жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады.

Мындан сырткары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айваз Оморканов дүйнөлүк чемпионат учурунда Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргызстанда өтө тургандыгын кошумчалап, ага белгилүү француз хоккеисти Люк Тардиф келерин билдирди.

Өз кезегинде министр Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи.

Министр ошондой эле Кыргызстан хоккейди өнүктүрүү үчүн Хоккей эл аралык федерациясы менен иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдап, спорт коомчулугунун долбоорлорунун ар тараптан колдой тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий