• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шайлоо укуктарын илгерлетүү шарттары түзүлдү

Коом 0


Бишкек, 17.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шайлоо сыяктуу маанилүү саясий иш-чараларга коомдук байкоочу катары катышууга шарттар түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында байкоочу Укей Мураталиева билдирди.

Анын айтымында, алгачкы жолу коомдук байкоочулардын катарында майып адамдар катышууда. Бул чындыгында, таң каларлык, быйыл Кыргызстан сөздөн ишке өттү, “Эгль” коомдук фонду БШКнын колдоосунда укмуштай долбоорду ишке ашырды.

“Учурда биз отчетту талдап жана даярдап жатып, адам укуктарын киргизүү мүмкүн экенин түшүнүп жатабыз. Өткөн шайлоо – бул жөн гана шайлоо эмес, ошондой эле коомдук фонддун “Майыптардын укуктары жөнүндө” Конвенциянын пункттарынын бирин киргизип жатышы – бул өтө маанилүү. Биз Кыргызстандын бардык жарандары сыяктуу эле, мамлекеттин колдоосунда шайлоого толук катыштык. Бул абдан мыкты тажрыйба болду”, - деди Мураталиева.

Ал билдиргендей, жер-жерлерде айрым учурлар, майда барат кемчиликтер болду. Бирок бул абдан жакшы тажрыйба. “Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү тууралуу коомдук уюмдар гана айткан эмес, мамлекет дагы түшүнүп, шарт түзгөн учур акыры келди”, -деп белгиледи ал.

“Эгль” коомдук фондунун директору Чолпон Өмүрканованын айтымында, өткөн президенттик шайлоодо коомдук байкоочу катары 35 майыптуулугу бар жаран иштеген. Алар республиканын бардык аймактарында болушту.

“Майыптуулугу бар байкоочулар үчүн шарттар түзүлүр, жеке ассистенттер жана транспорт берилген. Алар өз тилкелерине барып добуш берүүгө да жетишишти”, - дейт Өмүрканова.

Байкоочулар шайлоо тилкелеринде, жогорку тепкич, тар имарат, пандустардын жоктугу сыяктуу кемчилдиктер болгонун белгилешти. Бирок фонддун башчысы Кыргызстан ДМЧАлардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялайт жана бардык кемчилдиктер четтетилет деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий