• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда алгачкы жолу укалоо боюнча чемпионат өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу укалоо боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 23-мартта 11:00дөн 17:00гө чейин “Достук” отелинде өтөт.

Максаты – Кыргызстанда укалоочулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, кесипкөйлүк укалоо жана кызматтарын жайылтуу болуп саналат.

Мындай иш-чаралар Кыргызстандын укалоочуларына эл аралык чемпионаттарга катышууга шарт түзөт.

“Амадеус” укалоо Академиясынын директору Елена Беляеванын айтымында, укалоо боюнча эл аралык чемпионат 11 жылдан бери Москвада өткөрүлүп келет. Ага улуттук жана аймактык биринчиликтердин жеңүүчүлөрү катышат.

“Укалоо боюнча чемпионаттар жыл сайын Россия, Украина, Беларусь, Молдова, Прибалтика өлкөлөрүндө, Казакстан, Болгария, Израиль, Италияда өткөрүлөт. Бул сыяктуу биринчиликтерди өткөрүү бул тажрыйба алмашуу, өзгөчө укалоо ыкмаларын жана дарылоо техникаларын көрсөтүү”, -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий