• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева билдирди.

Анын айтымында, Үй-бүлө кодексине жана "Сот аткаруучулар жөнүндө" мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиш керек.

Мамашеванын маалыматы боюнча, башка өлкөлөрдө алиментти төлөөдөн качкан жарандарды чет мамлекетке чыгарбайт. Бул мыйзам ал жакта жакшы иштеп жатат. Ал эми Кыргызстанда андай норма жок.

Эгер сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, балдарды чет өлкөгө алып чыгуусу дагы катаалдаштырышат.

Сот департаментинин маалыматына караганда, ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган, анын ичинде 434 адам кармалган.

Пикир

Оставить комментарий