• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда алкоголь ичимдиктерин чыгарган 45 ишкана бар

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда алкоголь ичимдиктерин чыгарган 45 ишкана бар. Анын ичинен 5 спирттик, 6 арак, 15и сыра жана 19у вино чыгаруучу заводдор. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматына ылайык, алкоголь ичимдиктерин жөнгө салуу максатында өндүрүүгө жана сатууга лицензия берилет. 2018-жылы 1 миң 205 иш текшерилип, 1 миң 190на лицензия берилген. Бюджетке алардын эсебинен 686 миң сом түшкөн.

Былтыркы жылы өндүрүү боюнча план 118,1%га ашыкча аткарылган.

“Ички азыктарга болгон акциздик салык боюнча 2018-жылдын январь-декабрь айынын болжолдуу планы жалпы алкоголь тармагы боюнча 841 млн. сомго жеткирилген. 2018-жылдын 12 айынын ичинде алкоголдук мекемелер тарабынан акциздик салык 788 млн. сом же 93,7% өлчөмүндө төлөнгөн”, - деп билдиришти ведомстводон.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, 235 миң 899 бөтөлкө алкоголь мыйзамсыз айландыруудан алынган. Анын ичинде 5 тонна сыра жана 325 литр спирт.

169 ишкер субъектерине бардыгы болуп 796 миң 800 суммадагы айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий