• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы 10 эсеге азайтылды

Экономика 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы 10 эсеге азайтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алсак, акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 1 литр үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан баштап бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сом болот.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан тартып сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет.

Белгилей кетсек, алкоголсуз суусундуктарды маркалоо – бул товардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу натыйжалуу механизми жана калкты контрафакттык продукциядан коргоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий