• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда аманаттардын жумалыгы өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда Дүйнөлүк аманаттардын күнүнө карата аманаттардын жумалыгы өтүүдө.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова, Кыргызстанда Дүйнөлүк аманаттардын күнү бешинчи ирет өтүп жатат.

"Иш-чараны эл аралык кызматташуу боюнча сактык кассаларынын фонду, Билим берүү министрлиги, коммерциялык банктар жана аманаттарды коргоо агенттиги менен бирге өткөрүүдөбүз. Дүйнөлүк аманаттардын күнү Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө белгиленет", - деди ал.

Момункулова белгилегендей, ал күндү белгилөөнүн максаты жаштар менен балдардын каржы сабаттуулугун арттыруу болуп саналат.

"Дүйнөлүк аманаттардын күнүнүн негизги максаты эл ичинде акчаны үнөмдөө, топтоо маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Себеби акчаны топтоо өз келечегин пландоого мүмкүндүк берет: башкача айтканда, балдарды окутуу, унаа сатып алуу, турак үй, саякаттоого мүмкүнчүлүк ж.б. ", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда ал күн 2015-жылдан бери белгиленип келет.

Белгилей кетсек, бул жумалык 21-31-октябрь күндөрү өткөрүлөт. Ага карата мектеп жана окуу жайларда бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Улуттук банктан белгилешкендей, жумалыктын алкагында коммерциялык банк, депозиттерди коргоо агенттигинин катышуусу менен бир катар иш-чара уюштурулат. 29-октябрь күнү Бишкекте каржы жарманкеси өтөт.

Бардыгы болуп 100гө жакын иш-чара өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий