• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда антибиотиктер электрондук рецепт боюнча бериле баштайт

Ден соолук 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда антибиотиктер электрондук рецепт боюнча бериле баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы мекемесинин башчысы Назира Артыкова билдирди.

Анын айтымында, антибиотиктерди жазып берүүдө жаңы электрондук тутумдун киргизилиши антибиотиктердин көзөмөлсүз пайдалануусун жокко чыгарат.

"Белгилүү болгондой, биз БУУнун азык-түлүк программасы менен биргеликте антибиотикке каршы туруктуулук менен күрөшүп жатабыз. Антибиотиктерди көзөмөлсүз жазып берүү ага туруктуулукту пайда кылып, андан кийин башка антибиотиктер натыйжалуу болбой калат. Эң башкысы антибиотиктер көзөмөлгө алынып, саламаттык сактоо системасы жана бейтап үчүн үнөмдөө болот", - дейт ал.

Ал белгилегендей, системаны 2020-жылы сыноо иретинде киргизишет.

Ал эми Медициналык камсыздоо фондунун башчысы Элнура Боронбаеванын айтымында, бул система дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын улуттук маалымат базасынын алкагында ишке ашырылат.

"Дарыгер антибиотик жазып берген бейтап дарыкана кызматкерине биометрикалык паспортун көрсөтүшү керек болот. Андагы чипте кайсы дарыгер, качан жана канча ченемде антибиотик жазып бергени тууралуу маалымат болот. Дарыканачы дарыларды бул система аркылуу гана берет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий