• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда апта ичинде COVID-19дун 981 учуру аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 18-24-июль аралыгында COVID-19дун 981 учуру аныкталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 910 адам амбулатордук дарыланууда, 71и ооруканада жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 202 миң 685 учуру катталган, 100 миң калкка оорунун 3061,5 учуру туура келет.

Пикир

Оставить комментарий