• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ашыкча салмактан көбүнчө кимдер жабыркай тургандыгы айтылды

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда ашыкча салмактан көбүнчө аялдар жабыркайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жүргүзгөн изилдөөлөрүнөн белгилүү болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, 2017-жылы ашыкча салмак эркектер арасында 37,8% жана аялдар арасында 31,7% байкалган. Бирок, чоң ашыкча салмактан 12,2% аялдар жана 8,5% эркектер жабыркаган.

“Ал эми ар түрдүү жаш курактар боюнча да ашыкча салмактан жабыркагандар арасында чоң айырма болгон. Ашыкча салмак пенсия алдындагы жана пенсия курагындагы адамдарда өзгөчө байкалган. Нормалдуу салмак 52,8% эркектер жана 54,1% аялдар арасында белгиленген”, - деп берилет маалыматта.

Ал эми балдар арасында тескерисинче салмактын жетишсиздиги байкалууда. Мисалы, 2017-жылы 1ден 6 жашка чейинки балдар арасында 7,2%да аз салмактуулук байкалган.

Пикир

Оставить комментарий