• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда аскердик авиация күнүн белгилешти

Коом 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Жыл сайын 18-августта Кыргызстанда аскердик авиация күнү белгиленет. Быйыл КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргоо күчтөрүнүн 23565-аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнө 58 жыл болду. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул күнгө байланыштуу иш чарага Абадан коргоо күчтөрүнүн жеке курамы жана жетекчилиги, Бишкек гарнизонунун аскерлери, ардагер-авиаторлор катышты.

Салтанатта бөлүктүн штабынын начальниги полковник Руслан Абдулдабеков сөз сүйлөдү. Өзгөчө кызмат өтөгөн аскерлерге сыйлыктар тапшырылды. Иш чара майрамдык концерт жана авиациялык техниканын учуулары менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий