• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда аскерге чакырылгандар коронавируска текшерилет

Коом 0

Бишкек, 13.05.20./Кабар/. Кыргызстанда аскерге чакырылган ар бир аскер улан милдеттүү түрдө коронавируска текшерилет. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Комитеттен билдиришкендей, өзгөчө абал алынгандан кийин 12-майда аскерге чакырылгандарды аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү иштери башталды.

"Аскерге чакырылып, аскер бөлүктөрүнө жөнөтүүдө аскерге чакырылгандарга беткап жана антисептиктер берилүүдө. Аскерге чакырылган ар бир аскер улан милдеттүү түрдө коронавируска текшерилет. Алар аскердик кызматын өтөө жерине баргандан кийин 14 күндүк карантинге алынат. Аскер бөлүгүнө жөнөтүү жана ант берүү салтанаттары аскерге чакырылгандардын жакын туугандарынын катышуусусуз өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Комитеттен белгилешкендей, аскер комиссариаттары санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен иштешүүдө. Комиссариаттарда жана анын аймагында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий