• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен 1 миң 258 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен 1 миң 258 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук инфекциясына каршы эффективдүү вакциналарды иштеп чыгуу, ошондой эле алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек.

"Биздин өлкөдө эмдөө кампаниясы апрель айында башталган. Бүгүнкү күнгө карата 413 140 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 114 840 адам биринчи дозасы менен эмделди. Жакында Азербайжандын элчилигине AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келип түштү. Бүгүнкү күндө аталган вакцинаны 1258 киши алды. Бул вакцина жыл башынан бери дүйнө жүзү боюнча колдонулуп келет. Ал өзгөчө кырдаалдар учурунда ДССУнун шашылыш түрдө колдонуу үчүн тизмесине киргизилген", - дейт ал.

Ишенапысова AstraZeneca вакцинасы Германия, Италия, Испания, Франция, Бельгия, Австрия, Украина жана башка өлкөлөрдө тастыкталганын айтат.

“Эмдөөдөн 18 жаштан жогору адамдар өтө алашыт. 1 жана 2 дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзүшү керек”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий