• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ата-энелер 250 баланы асырап алууну каалап жатышат

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда ата-энелер 250 баланы асырап алууну каалап жатышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда маалымат базада асырап алууга 250 бала көрсөтүлгөн. Ошондой эле бала багып алабыз деген 300 ата-эне катталган.

"Ушул жылы 7 эл аралык багып алуу катталса, 2014-жылы анын саны 105ти көрсөткөн. Орточо эсеп менен алганда 1 миң асырап алуу катталат. 2019-жылы болжол менен 900дөй бала багып алуу болгон", - деди министрдин орун басары.

Ализа Солтонбекова белгилегендей, Россия жана Казакстандан алып келинчү 21 бала бар, жылдын башынан бери жетөөсү Кыргызстанга келген.

Солтонбекова, фостердик үй-бүлөдө 46 бала жашап жаткандыгын айтат. Мындай үй-бүлөдөгү балдарды камсыздоого 6 миң сомдон тышкары ата-энелер айлык катары 6 миң сом алат.

Белгилей кетсек, фостердик үй-бүлө акы алуунун негизинде баланы убактылуу асырап алат.

Пикир

Оставить комментарий