• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда авариялык абалда 245, капиталдык оңдоого муктаж 498 мектеп бар

Коом 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда авариялык абалда 245 мектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Бейшеналиев 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж экенин белгилейт.

“Быйыл биринчи жолу, социалдык объектилердин титулдук тизмесине 205 билим берүү объектисинин курулушу кирди. Анын ичинен 160 мектеп, 35 бала бакча, 10 спорт зал. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектке көп”, - дейт ал.

Министр кошумчалагандай, мектептерди керектүү компьютердик техника менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын каржылоосу республиканын 1200 мектеби тандалып алынган.

“Алар 2022-жылдын аягына чейин 25 миң компьютер менен камсыздалат”, - деди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий