• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда авариялык абалдагы 64 мектеп бар

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда авариялык абалдагы 64 мектеп бар. Бул тууралуу "Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, 3 жыл мурда авариялык абалдагы объектилердин саны 193 болчу.

"Жыл сайын донор жана инвесторлордун эсебинен жаңы мектептерди куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда донор бар, биз Сауд өнүктүрүу фондунан насыя алдык. Анын эсебинен 30 жаңы мектеп курулат. Аталган объектилер боюнча келишим түзүлдү, долбоор иштелип жатат. Курулуш иштери ушул жылдын апрель айында башталат", - деп билдирди ал

Ал ошондой эле башка донорлордун жардамы менен дубалдары урап, авариялык абалда болгон мектептер оңдоло тургандыгын кошумчалады. Атайын ал үчүн 20 млн. доллар каралган.

"Негизинен авариялык абалдагы мектептер көп жер титирөө катталган аймактарда жайгашкан. Алар - Нарын, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустары", - деди Бөрүбаев.

Пикир

Оставить комментарий