• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда авиакаттамдарды “Tez Jet” компаниясы жүргүзөт, ал күнүнө бир жолу абага көтөрүлөт - Акышев

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда авиакаттамдарды “Tez Jet” компаниясы жүргүзөт, ал күнүнө бир жолу абага көтөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, 5-июндан баштап өлкөдөгү ички авиакаттамдардын иштөөсүнө уруксат берүү боюнча өкмөттүн чечими чыккан.

“Ал боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги жана аэропорттордун ортосунда жолугушуу болуп өттү. Ички авиакаттамдарды кыргызстандык “Tez Jet” авиакомпаниясы жүргүзөт. Авиакомпаниянын ылайыктуу учагы даяр. Каттамдар бир күндө бир жолу абага көтөрүлөрү пландалууда. Жумасына төрт жолу учушу күтүлүүдө. Ички каттамдардын аткарылышы Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык жүргүзүлөт. Ички каттамдарды “Манас”, “Ош” жана “Тамчы” аэропорттору аткарат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий