• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда автобус жана микроавтобустарды тахографтар менен камсыз кылуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. КР транспорт жана жол министрлиги коомдук талкууга “Айдоочулардын жумушун жана эс алуусун көзөмөлдөө үчүн унааларды керектүү шаймандар менен камсыз кылуу тууралуу” токтомдун долбоорун чыгарган.

Аталган документке жараша, коомдук унаалардын айдоочуларынын жумушун жана эс алуусун көзөмөлдөө үчүн М2 жана М3 категориядагы тахографтар менен камсыз кылуу сунушталууда.

Аталган техниканы колдонуу жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн коопсуздугун сактоо жана ошондой эле жол кырсыктарын кыскартууга багытталган. Статистика көрсөткөндөй, тахографтарды киргизүү чоң жүк ташуучу унаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын 20%га азайтат.

Техникалык регламент тарабынан унаалардын кийинки категориялары аныкталган:

-М2 категориясына автобустар, троллейбустар, 8 орундан ашык отургучу бар, салмагы 5 тоннадан ашпаган жүргүнчүлөрдү ташуучу атайын унаалар кирет;

-М3 категориясына автобустар, троллейбустар, 8 орундан ашык отургучу бар, салмагы 5 тоннадан ашкан жүргүнчүлөрдү ташуучу атайын унаалар кирет;

-N2 категориясына жүк ташуучу салмагы 3,5дан 12 тоннага чейинки унаалар кирет;

-N3 категориясына жүк ташуучу салмагы 12 тоннадан көп унаалар кирет.

Дүйнөлүк статистикага жараша, жол кырсыктарынын жарымы айдоочулардын чарчагандыгы менен байланыштуу. Изилдөөлөр көрсөткөндөй айдоочулардын чарчагандыгы жолдо 4-5 саат унаа айдагандан кийин байкалса, 6-8 саат айдагандан кийин ачык көрүнөт. Эгер айдоочу унаада 7ден 12 саатка чейин тынымсыз айдаса, жол кырсыгына кабылуу коркунучу 7 саатка чейин жол жүргөн айдоочудан эки эсе көп.

Тахограф — унаанын ичинде орнотулат. Ал унаанын ылдамдыгын жана айдоочунун ишин, эс алуусун каттоочу атайын көзөмөл шайманы.

Пикир

Оставить комментарий