• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда автоунааны жеңилдетилген шартта кайра каттоо мөөнөтү аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Бүгүн автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо мөөнөтү аяктайт. Бардык бөлүмдөр саат 22:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

КР МККнын борбордук аппаратынын кыймылдуу мүлк башкармалыгынын жетекчиси Усеин Касмалиев билдиргендей, 2017-жылдын 30-июлунда МККга “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында өлкөдөгү автоунааларды кайрадан каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилген.

Кыргызстанда 3 айдын ичинде дээрлик 118 миңден ашун унаа кайра каттоодон өттү.

“Кайра каттоо өнөктүгүнүн алкагында автоунаалардын жана айдоочулардын базасы жаңыртылды. Жалпысынан акция ийгиликтүү өттү”, - деди Эржигитов.

Пикир

Оставить комментарий