• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда аз камсыз болгон 27 миң үй-бүлөгө байытылган ун жана май таратылат

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия тараптан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, БУУ ДАП колдогон долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет.

"Жардам "эмгек ордуна азык-түлүк" долбоорунун катышуучуларына берилет, ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлөт.

Ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет", - деп айтылат маалыматта.

Сөз болуп жаткан долбоорлорго аз камсыз болгон жарандардын ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, бак-дарактарды отургузууга, жээктерди бекемдөөгө, республика боюнча көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга катышуусу кирет.

Пикир

Оставить комментарий