• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда азиздер үчүн адабий чыгармалар жеткиликтүү болот

Коом 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда азиз жана көрүүсү начарларга жарыяланган адабий чыгармалардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү тууралуу Марракеш келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу Twitter баракчасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Бул келишимге ылайык, Кыргызстанда көрүүсү начарларга жеткиликтүү форматтагы чыгармаларды жайылтуу үчүн автордук укуктарга өзгөчөлүк киргизилет. Анда автордун расмий уруксатысыз аудиоматериалдарды түзүү, Брайл шрифтиндеги басылмаларды чыгаруу каралган. Ал азиздерге дүйнөлүк адабият жана ЖМКлар менен таанышууга шарт түзөт.

Маалымат үчүн: Марракеш келишими 2013-жылы 27-июлда Мороккодо Марракеш шаарында кабыл алынган. Ага Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун 75 мүчө-мамлекети кол койгон. Бүгүнкү күндөн тартып келишим Кыргызстанда да иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий