• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда азыктарды экспорттоо шарттары түзүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. «Кыргызстанда азыктарды тышкы рынокторго экспорттоо үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүүдө», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ысык-Көл лабораториясынын ачылышында.

Өкмөт башчы өлкөдө эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык лабораториялардын ачылышы, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүүдөгү жыйынтыктарынын бири болуп эсептелерин билдирди.

«Кыргызстандыктардын көпчүлүгү айыл жеринде жашап, айыл чарбасы менен алектенет. Кыргызстан агрардык өлкө, андыктан өсүмдүктөрдү коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу баарынан маанилүү. Бүгүнкү күндө айыл чарба азыктарын өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар болгондо гана эскпорттоого болот. Бул азыркы убакыттын талабы болуп калды», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ курамына кирердин алдында өзүнө бир катар милдемелерди алган. Алардын бири өлкөлө заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болушу. Өкмөт бул багытта былтыркы жылдан бери активдүү иш алып барууда.

«ЕАЭБге кирүүнүн алкагында Кыргызстанда көрүлүп жаткан карантиндик фитосанитардык лабораториялар менен камсыз кылуу чаралары интеграциялык биримдиктин талаптарына жооп бериши керек. 2017-жылы Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында да фитосанитардык лабораториялар ишке кирет. Аны менен бирге Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, акыркы жылдары Кыргыстанда төрт ири фитосанитардык лабороториялар Бишкек шаарында, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилди

Премьер-министр фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү финансылык каражаттардын суммасы көбөйтүлүп жатканын белгиледи. Эгерде бул максатта 2015-жылы 1,5 млн. сом бөлүнсө, 2016-жылы 26,5 млн. сомду түзгөн, 2017-жылга 29,9 млн. сом каралды.

Айыл чарба, тамак аш өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин маалыматына караганда Өкмөт тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабороторияны оңдоо иши 2016-жылы башталып, 5,9млн. сом каражат бөлүнгөн.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, ЕАЭБ талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү түзүү экспорттук потенциялды жогорулатууга, экономиканы өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо турмушун жакшыртууга шарт түзөт.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына киришери менен Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн башкы приоритети катары өлкөнүн тийиштүү инфраструктурасын ЕАЭБ талаптарына ылайыктоону белгилеген.

Аталган ишмердүүлүктүн алкагында өлкө боюнча ветеринардык жана фитосанитардык лабороторияларды реконструкциялоо жана куруу боюнча ири компания жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий