• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карата Бишкекте концерт, майрамдык иш-чаралар уюштурулган.

Андан тышкары, чакан форматтагы концерттер өлкөдөгү бардык балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде дагы уюштурулган.

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы БУУнун атайын сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий