• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бүгүн дагы 186 адамдан COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда 24-декабрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 186 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавирустка каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, коронавирус Бишкекте - 62, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 43, Ош облусунда - 8, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 34, Жалал-Абад облусунда - 11, Баткен облусунда - 111 адамдан аныкталган.

Илдеттен акыркы бир сутка ичинде 309 бейтап сакайып чыкты. Бишкекте - 111, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 100, Ош облусунда - 10, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 23, Баткен облусунда - 16 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 73 870 бейтап айыкса, 79 миң 845 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан жалпы 1 миң 340 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында 2 жана Баткен облусунда бир адам каза болгон.

Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 418 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 320 киши дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алардын ичинен 2 медкызматкер кызыл зонада жуктурган. Ал эми бир суткада үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 087 учур катталды, алардын ичинен 3 865 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий