• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда бүгүн демократиялуу шайлоо өтүп жатат – Түркия байкоочулары

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда бүгүн демократиялуу шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин мүчөсү Хамуржу Кюршат билдирди.

Анын айтымында, алар бүгүн шайлоо тилкелерине барып, шайлоочулар арасында жагымдуу маанайды байкашкан.

“Биз Түркиядан байкоочу катары келдик. Биз Бишкектин бир нече шайлоо тилкелеринде боло алдык. Шайлоо тынч жана демократиялык мүнөздө өтүп жатат. Добуш берүү учурунда биз техникалардын бузулуп калуусун байкаган жокпуз. Шайлоонун аягына чейин техникалык маселелер болбойт деп ишенебиз”,- деди ал.

Өз кезегинде Түркиянын башка ЖШК мүчөсү Юнус Айкин бардыгы КР БШКнын даярдыгынын алкагында өтүп жатканын билдирди.

“Бардык тилкелерде зарыл болгон материалдардын баары бар. Айрыкча, документтерди текшерүү катуу болгондугун белгилеп кетүү керек. Кысым көрсөтүүгө эч ким эч кимди азгырган эмес. Байкоочуларга дагы эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Менимче, биометрикалык маалыматтарды колдонуу жыйынтыктан күмөн санатпайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий