• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бүгүн коронавирустан 781 жаран айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан пневмонияны эсепке алганда, жалпы 781 жаран айыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 13 миң 109 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 273
  • Чүй облусу – 71
  • Ош облусу – 251
  • Талас облусу – 30
  • Нарын облусу – 25
  • Ысык-Көл облусу – 29
  • Жалал-Абад облусу – 40
  • Баткен облусу – 15
  • Ош шаары – 47.

Пикир

Оставить комментарий