• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бүгүн "Манас" эпосунун күнү белгиленүүдө

Маданият 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн "Манас" эпосунун күнү белгиленүүдө. Маданият жана маалымат министрлигинен билдиришкендей, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара өтөт. Иш-чарага президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңешиин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрүн катышат.

Мындан тышкары, Жогорку Кеӊеште эпосунун күнүнө карата "Манас" – кыргыз рухунун туу чокусу" деген илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул иш-чара залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150-жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100-жылдыгына, Шаабай Азизовдун 90-жылдыгына да арналды.

Конференцияга Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар менен манастаануучу адистер катышып жатат.

"Манас" эпосунун күнү 2015-жылы негизделген. Башкы максат — эпосту сактоо, даңазалоо, манас таанууну жайылтуу жана манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу.

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган "Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары" долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий