• 84.8
  • 96.92
  • 1.12

Кыргызстанда бүгүндөн тарта COVID-19га каршы ревакцинация башталат

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргызстандыктар COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын бүгүн, 17-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан ала алат, ал эми калган аймактарда ​​ үчүнчү кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кимдер кошумча (үчүнчү) дозаны ала алат?

- орточо жана оор иммундук жетишсиздик менен жабыркагандар;

- 60 жаштан жогорку адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac жана башка инактивдештирилген вакциналарды алгандар;

- коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу жана башка адамдарга жуктуруу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлер;

- COVID-19 менен ооруп айыккандар (анын ичинде мурда эмделген адамдар).

Кошумча доза жарандардын алгачкы 3 категориясына эмдөөдөн өткөндөн кийин 6 айдан эрте эмес мөөнөттө алуу сунушталат. Ал эми COVID-19 менен ооругандарга айыккандан бир айдан кийин эмделүү сунушталат.

Сезондук сасык тумоого, В вирустук гепатитине каршы инактивдештирилген вакциналар менен COVID-19га каршы вакциналардын ортосу 7 күн болушу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий