• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 миң 454 адам обсервацияда жатат - министр

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 миң 454 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта 1 миң 454 адам обсервацияда жатат. “Алардын ичинен Бишкек шаарында 249, Чүй облусунда – 79, Ош шаарында – 30, Ош облусунда – 246, Жалал-Абад – 86, Баткен облусунда - 468, Нарын облусунда -77, Талас облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда - 91 адам ”, - деп кошумчалады ал.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 3 жаңы учур катталды. Алардын бардыгы Бишкек шаарында. Бардыгы болуп Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 147 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий