• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бүгүнкү күндө алимент төлөбөй жүргөн 50 миңге жакын адам эсепте турат

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жашы жете элек баланын жашоо деңгээлин көтөрүү, анын керектөөсүн, укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, Конституциянын 36-беренесине ылайык, ар бир баланын дене-бою, акыл-эси, руханий, адептик жана социалдык жактан өнүгүүгө укугу бар. Баланын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилигин ар бир ата-эне алып жүрөт. Бирок, бардык эле ата-эне баланы багуу боюнча өздөрүнүн ата-энелик милдеттерин ак ниет аткарбай жатышат.

Ошондон улам, депутаттар тобу бир катар мыйзам актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин сунуштоодо. Алар төмөнкүлөр: КР Үй-бүлө кодекси, КР Жосундар жөнүндө кодекс, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзам, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзам. Мындай чаралар жашы жете элек балага алименттерди туруктуу төлөөнү камсыз кылып, алимент албаган балдардын санын кыскартууга өбөлгө түзөт.

Мыйзамга ылайык, 7-14 жаш курактагы бир балага алименттин өлчөмү ата-эненин иштеп тапканынын төрттөн бир бөлүгүн түзүүгө тийиш, бирок мында 4143,44 сом жашап туруу минимумунун жарымысынан аз болбоосу керек. Азыр минималдык алименттин өлчөмүн 1800 сомго чейин көбөйтүү сунушу киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтарга караганда, соңку 3 жылда ажырашуунун саны улам өсүп барат. Мисалы, 2018-жылы өлкөдө 49579 нике жана 10434 ажырашуу катталган. Мамлекеттик органдарга алименттер боюнча 11700 аткаруу документи келип түшкөн, ошондой эле 28937 аткаруу документи андан аркы жылдан калып калган. Ошентип, сот аткаруучуларында алимент боюнча 40637 карызкор эсепте турат, 831 алимент төлөбөгөн адам издөөдө жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий