• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жашылча-жемиштердин дүң жыйымы 9,1 тоннаны түздү

Экономика 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда эрте бышкан жашылча-жемиштердин дүң жыйымы бүгүнкү күндө 9 миң 128 тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 3,7 миң тоннага аз. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана интенсивдүү багбанчылык департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча жашылча, картошка жана мөмө-жемиштер Кадамжай, Лейлек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жыйналууда.

2021-жылдын 8-июнуна карата республика боюнча 10,5 миң тонна жашылча жана 2 миң 977 тонна мөмө-жемиштер жыйналды. Картөшкө казуу иштери 629 га аянтта жүргүзүлүп, былтыркы жылдан 418 га аз. Түшүмдүүлүк орточо 148,8 ц/га болуп, дүң жыйым 9 миң 128 тоннаны түздү жана 2020-жылдан 3,7 миң тоннага аз.

Пикир

Оставить комментарий