• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бөйрөк жетишсиздиги себеп болгон өлүмдөрдүн саны кыскарууда

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды каржылоо жаңы системасынын киргизилиши менен өлүмдөрдүн саны азайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасы Марат Калиев билдирди.

Уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу отчет боюнча маалымат жыйынында сүйлөп жатып ал акыркы жылдары каттоодо турган өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган бардык бейтаптардын санынан жылына 5-6 пайызы көз жумгандыгын билдирди.

Каржылоонун жаңы системасы 2016-жылдын апрель айынан баштап киргизилген. Ал гемодиализдин кызмат көрсөтүүлөрүн көрсөткөндүгү үчүн жеке медициналык борборлорго каражаттардын ордун толтурууну камтыйт. Бул каражаттар республикалык бюджеттен төлөнөт. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигин жеңилдетилген дарылоо системасы боюнча бейтап ар бир сеанска 550 сомдон көбүрөөк төлөйт. Калган бөлүгүн – 4,7 миң сомду ММКФ жабат.

Бул үчүн ММКФ Саламаттыкты сактоо министрлиги жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн өздөрүнүн бейтаптарын жиберген 11 жеке клиника менен келишим түзгөн. 2016-жылдан баштап жеңилдетилген гемодиализге 953 оорулуу жиберилген.

“Жеңилдетилген гемодиализ үчүн кезек Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан аныкталып, ведомствонун сайтына жайгаштырылат. Фонд бул процесске кийлигишпейт. Бүгүнкү күнгө карата гемодиализдин жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөрүнөн 634 оорулуу пайдаланат”, - деди Калиев.

Ал органдардын трансплантациясын жүргүзүү, миграция жана чет өлкөлүк клиникаларда дарылануу үчүн убактылуу көчүүлөр боюнча бейтаптардын демилгесинен улам кезек жылып жатканын кошумчалады. ММКФнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 45ке жакын оорулуу кезекте турат.

Жеке клиникаларда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөө үчүн, уюмдун маалыматына караганда, ар бир сеанстын протоколу менен “Гемодиализдик бейтаптын медициналык картасы” программалык камсыздоосу иштелип чыгып, практикага киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий