• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” башталды

Коом 0


Бишкек, 27-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 2-апрелине чейин өлкөнүн бардык аймактарында улануучу “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” башталды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, акча жумалыгы – Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. “Бул иш-чаранын максаты – жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу. Жума бою Кыргызстан аймагы боюнча балдар жана жаштар үчүн окутуучу семинар өткөрүштү. Бул иш-чаранын алкагында Улуттук банкта, каржылык мекемелер жана башка мамлекеттик органдарда экскурсиялар өтөт. Ошондой эле, балдар үчүн аларды акча пайдаланууга үйрөткөн комикстер чыгарылат”, -деп белгиледи Т.Абдыгулов.

Анын айтымында, мындан тышкары “Финсабат” сайты түзүлгөн.

«CYFI» Эл аралык балдарга жана жаштарга каржылык билим берүү уюмунун өкүлү Карина Аванян билдиргендей, Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы – бул калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу компаниясы. Бул иш-чара жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө “Билим алгыла. Акча топтогула. Иштеп каражат тапкыла” ураанынын алдында өтөт.

“Өткөн жылы Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүүдө жакшы натыйжаларга жетиштик. Быйыл дагы бул иш-чара жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенип турабыз”. – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий