• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” старт алды

Экономика 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” старт алды. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Улуттук банк" башкармалыгынын мүчөсү Алмаз Сыдыков билдиргендей, аталган жумалык өлкөдө бешинчи ирет өткөрүлүүдө.

Акча жумалыгынын максаты – жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу.

"Бир жума бою Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, комбанктар каржылык сабаттуулук боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүшөт. Андан тышкары мектептерде ачык сааттар, ЖОЖдо лекциялар окулуп, Улуттук банкта, каржылык мекемелер жана башка мамлекеттик органдарда экскурсиялар өтөт", - деп маалымдады Сыдыков.

Ал билдиргендей, балдар арасында мурда жарыяланган улуттук сынактын жыйынтыктары да чыгарылат (сүрөт, эссе). Салтанаттуу иш-чара 16-апрелге белгиленген.

Белгилей кетсек, бул жылы “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” "Окуу. Сакта. Иштеп тап" урааны астында өтөт.

Өнүктүрүү саясаты институтунун башкармалыгын төрагасы Надежда Добрецова билдиргендей, калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн бир жумалык менен гана чектелип калбоо керек.

"Былтыркы жылдары 100 миңге жакын адам катышкан. Алар негизинен жаштар. Иш-чаранын максаты - жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу. Каржылык жактап сабаттуу болуш үчүн чыгым, киреше, өз акчаңды кантип эсептөө, сактоо деген түшүнүктөрдү билүү керек. Улуттук банк калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программа иштеп чыккан. Өкмөт жана өлкө маанилүү көңүл бурууда, анын ичинде расмий билим берүү институттары аркылуу да", - деп билдирди ал.

Былтыр акча жумалыгынын алкагында 300гө жакын лекция окулуп, ага 25 миңге жакын адам катышкан. Интернет жана социалдык тармактар аркылуу 2 млн. адамды камтууга мүмкүн болгон. Бул жылы 300гө жакын иш-чара өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий