• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк кан диабети күнү белгиленет

Ден соолук 0

Бишкек, 13.11.17. /Кабар/. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк кан диабети күнү белгиленет. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча 2017-жылдын 14-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк кан диабети күнү белгиленет.

Бул күндүн алкагында 2017- жылдын 14-ноябрында09:30дан 11:30га чейин Бишкек шаарындагы аянттагы Курманжан Датканын эстелигинин жанында калк жана кан диабети менен ооругандар үчүн кандын курамындагы глюкозаны аныктоо акциялары, флешмоб жана спорттук иш-чара – Глобалдык диабет жүрүшү өтөт.

ҮДБ дарыгерлерин, эндокринологдордун жана акушер-гинекологдордун билимин жакшыртуу максатында 15-16-ноябрда “Диабетологиянын жана тиреидологиянын актуалдуу маселелери” конференциясы өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы кант диабети ыкчам өсүүдө. КРда Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 55 миңден ашуун кант диабети менен ооруган адам катталган.

Пикир

Оставить комментарий