• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо жумалыгы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда "Китеп окуган бала – өнүккөн Кыргызстан" аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо жумалыгы өтүүдө. Бул боюнча иш-чаранын уюштуруучулары "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында кененирээк айтып беришти.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын демилгеси боюнча жана АКШнын элчилиги менен АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) менен кызматташтыкта Кыргызстандын баардык китепкана жана мектептеринде 30-апрелге чейин кеңири маданий-агартуучу программа өткөрүү пландалып жатат.

"Ага концерттик программа, театралдык сахналаштыруу, оюн, суроо-жооп оюну жана башка интеллектуалдык иш-чаралар кирет. Өлкөнүн китепканаларында иштеген америкалык түйүндөр баштаган Steam Caravan өлкө боюнча өтөт. Бул долбоор жаштардын инженерлик, окуу, искусство, математика ж.б. тармактагы ар түрдүү долбоорлорго катышуусуна мүмкүндүк берет", - деди маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

Ал белгилегендей, иш-чаралардын башкы максаты коом, айрыкча жаштар менен балдар арасында окуу маданиятын жайылтуу болуп жатат.

Иш-чаранын соңунда, 30-апрель күнү саат 10:00дө Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында маданий-агартуучулук программа, аны менен катар оригами, сүрөт тартуу жана башка илимий багыттагы кызыктуу мастер-класстар коштогон майрамдык салтанат болуп өтөт.

Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Талант Конокбаев, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнү ЮНЕСКО тарабынан 1995-жылы жарыяланганын айтып өттү.

"Ошол күндөн тарта бул күн дүйнө жүзү боюнча майрам катары белгиленип, китеп жарманкелери жана көргөзмөлөр уюштурулуп турат". - деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин Китеп чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Чынара Курбанова, мындай иш-чараларды өткөрүүдө эл аралык уюмдардын салымы чоң экенин белгиледи.

"USAID'дин аркасы менен башталгыч класстын балдары үчүн окуу ыкмасын жана текстти түшүнүүнү жакшыртууга арналган "Окуу убактысы" долбоорун экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Мындай долбоорлордун аркасы менен мектептин китепканаларына көп китептер келип жатат",- деди Курбанова.

КРдагы USAID миссиясынын директору Гэри Линден, балдарды китеп окуганга тарбиялоо билим берүүнүн маанилүү учурларынын бири болуп келерин айтты.

"Ошон үчүн USAID, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу техникасын жакшыртуу максатында Кыргызстандын өкмөтү менен тыгыз иштешип келет. Ал баланын келечектеги билим алуусуна бекем пайдубал болуп берет. Бул иш, бюджети 10 млн. доллар болгон "Окуу убактысы" ири долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Ошондой эле, ал белгилегендей, 2020-жылга чейин бул долбоордун алкагында Кыргызстандын мектептерине кыргыз, орус жана англис тилиндеги ар кыл мазмун жана багыттагы дээрлик 1,2 миллион китепти берүү пландалып жатат.

Маалымат үчүн: Өкмөттүн токтому менен Кыргызстан 2002-жылдан тарта Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдап баштаган.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү өлкөбүздө 1 миңден ашык китепкана иштейт. Көпчүлүк үчүн ачык китепканалардан тышкары, мектеп, окуу жай, медициналык, техникалык, айыл-чарба, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын китепканалары иштейт.

Былтыр мектеп окуучуларын кошпогондо китепкана кызматтарын 1,5 млн. киши пайдаланган. 2018-жылы өлкөбүздүн жалпы китепкана фондунда 19 миллиондон ашык китеп, брошюралар болгон. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө 1 миң адамга 288 китеп туура келет.

Пикир

Оставить комментарий