• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда баңгизат колдонгондордун саны кыскарууда

Коом 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Кыргызстанда баңгизат колдонгондордун саны кыскарып, өз алдынча жардам берүү топторунун саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР саламаттык сактоо уюмдарынын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердиги боюнча маалымдамада республика боюнча баңгизатка көз каранды болгондордун саны 16,1%га кыскарганы белгиленет.

2017-жылдын жарым жылында көрсөткүч 1 млн калкка 2,9ду түзүп, 148 жаңы баңгизаттан көз каранды болуу учуру катталды. 2016-жылы бул көрсөткүч 1 млн калкка 2,4кө барабар болуп, 174 жаңы учур катталган.

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын жана баңгизатынан көз карандысыздыкты кыскартуу боюнча иштеген программалардын бири метадоном терапиясы. Бүгүнкү күнү өлкөдө 30дан ашууну дары берүү пункттары бар. Анын ичинде инъекциялык баңги затын колдонгон адамдарга өз алдынча жардам берүү топторунун потенциалын өстүрүү жүрүүдө.

20-сентябрда Кара-Балта шаарында мындай топтордун биринин жолугушуусу өттү.

Пикир

Оставить комментарий