• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бала асырап алуу жеңилдетилди – Социалдык өнүктүрүү министрлиги

Коом 0


Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда бала асырап алуу жеңилдетилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, эл менен иштөөдө бир катар суроолор жаралып келген. Анын ичинде паракорчулук жана бала асырап алуу системасынын татаалдыгы. Учурда аталган система жөнөкөйлөштүрүлүп, үйдө отуруп эле билдирүү калтырса болот.

"Алгач үй-бүлөнүн кирешеси, соттолбогондугу тууралуу маалым кат, кайсы кызматта иштейт, медициналык бүтүм, турак-жай менчигине ээлик кылуу укугу жана башкалары каралат. Андан соң, ата-эне асырап алуучу бала менен таанышат. Ал процедура 14 күндөн 7 күнгө чейин кыскартылган", - дейт Солтонбекова.

Министрдин орун басары белгилегендей, "Түндүк" тутумунун жардамы менен керектүү документтерди чогултуу кыйла жеңилдеп, паракорчулукту алдын алат.

Мындан сырткары, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталында төмөнкү маалыматтарды чектөөсүз алууга болот:

  • Мамлекеттик банкта катталган жалпы балдардын саны, жашы, жынысы, улуту;
  • Мамлекеттик банкта катталган жалпы талапкерлердин (КРдин жараны) жынысы жана улуту.

Пикир

Оставить комментарий