• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бала асыроонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда бала асыроонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биздин өлкөдө бала асырап алуунун жол-жобосу өтө татаал жана ушул себептен көп адамдар бала багып алуудан баш тартып жатат.

“Биз балдарды балдар үйүндө багуунун ордуна асырап алуу процедурасын жөнөкөйлөтүү зарыл экендигин түшүнүшүбүз керек. Көптөр бала багып алууну каалашат, бирок бала асыроо жолдору кыйын болгондуктан тоскоолдук жаралып жатат”, - деди депутат.

Ошондой эле ал жетим балдарга жогорку билим берүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн дагы карап чыгуу керек экендигин белгиледи.

“Жетим балдардын ЖОЖдордо билим алуусуна шарт түзүү керек”, - деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий