• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бала бакчадагы 100 орунга орточо 123 бала туура келет

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда бала бакчадагы 100 орунга орточо 123 бала туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында 100 орунга орточо 177 бала, Ош шаарында - 161 жана Ысык-Көл облусунда 131 бала туура келген.

Бала бакчаларга барган балдардын жарымынан көбү (110 миңи же 53%ы) айыл жергесиндеги мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барышкан. Ал жакта 100 орунга орточо 106 бала туура келген.

Шаар жерлеринде 100 орунга орто эсеп менен 151 бала туура келген.

Статистика комитети билдиргендей, 2019-жылы бала бакчаларда 13 миңден ашык педагог, алардын ичинде бөлүм башчылар, методисттер, тарбиячылар, музыкалык жетекчилер, дефектологдор, логопед-мугалимдер жана башка педагогдор иштеген. Алардын 66%ынан ашыгы жогорку билимдүү болсо, 27%дан ашыгы орто кесиптик билимге ээ болгон.

"2019-жылы орточо алганда өлкө боюнча бир тарбиячыга 25 бала туура келген, ошол эле учурда Ош шарында - 41, Чүй облусунда - 31 жана Бишкек шаарында
30 бала туура келген", - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий