• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда балдар арасында мультисистемдик сезгенүү синдрому кездешүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда апрель айынан бери балдар арасында мультисистемдик сезгенүү синдрому кездешүүдө. Бул тууралуу С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шукурова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан балдар арасында коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо боюнча иш-чаралар пандемия башталган күндөн баштап эле пландуу түрдө ишке ашып келүүдө.

"Учурда коронавирус инфекциясын диагностикалык аныктоо жана клиникалык дарылоонун төртүнчү колдонмосу иштелип чыкты. Ал министрликтин 649-буйругунун негизинде 25-августта бекитилген. Ал колдонмонун төртүнчү бөлүмүндө балдардан коронавирусту аныктоо жана кандай түрдө дарылоо боюнча жазылган. Ошондой эле аталган илдет менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү синдрому апрель айынан бери балдар арасында кездешип калууда. Мына ушул синдромду кандай аныктап, дарылоо керектиги жазылган бөлүм да киргизилген", - дейт ал.

Шукурова кошумчалагандай, Кыргызстанда 5 балдар ооруканасында 2 миң 356 орундук даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий