• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуулар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды – ММКФ

Ден соолук 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Республиканын улуттук борборлорунда, облустук жана аймактык ооруканаларда узак мөөнөткө госпитализацияга муктаж болбогон балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Медициналык кызматтардын сапаты, талдоо жана стратегиясы башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Жетигенова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкөдө балдар үчүн 720 орун (облустук бириккен ооруканаларда, аймактык ооруканаларда, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда) жана республиканын 10 пилоттук саламаттык сактоо уюмунда кош бойлуу аялдар үчүн 36 орун бар (Эненин жана баланын ден соолугун коргоо улуттук борбору, шаардык перинаталдык борбор, Бишкек шаарындагы №1,2 клиникалык төрөт үйлөрү, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустук бириккен ооруканалары, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасы, Ош шаардык ооруканасы).

"Балдар үчүн кыска мөөнөттөгү стационарларда соматикалык жана хирургиялык профилдеги 121 оорунун түрү менен ооруган 16 жашка чейинки балдар дарыланат. Ал бөлүмдөрдө балдарга медициналык кызмат акысыз көрсөтүлөт. Бул жаңылыктар өлкөдө биринчи жолу 2016-жылдан тартып киргизилген", - деди ал.

Ал белгилегендей, 10 пилоттук саламаттык сактоо уюмунда ачылган бул бөлүмдөрдө кош бойлуу аялдар төмөнкү диагноз боюнча дарыланышат:

- Кош бойлуулуктун натыйжасында келип чыккан гипертензия;

- Кош бойлуулуктун 34-36-жумасында болгон жалган толгоолор;

- Кош бойлуулуктун 36-40-жумасынан кийин болгон жалган толгоолор;

"Кош бойлуу аялдарга медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. 2019-жылдын август айынан ноябрь айына чейин пилоттук стационарларда 390 кош бойлуу аял дарыланып чыккан. Каржылоо 483,5 миң сомду түздү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий