• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда балдардын 60% бала бакча менен камсыз болгон эмес - Кудайбердиева

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда балдардын 60% бала бакча менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал, бүгүнкү күндө бала бакчага 197 миң бала барарын белгиледи.

Кудайбердиева билдиргендей, учурда бул багытта Дүйнөлүк банк менен иштер жүрүп, анын алкагында аз убакыттын ичинде Кыргызстандын аймактарында 300 бала бакча куруу пландалууда. Ошондо балдардын 80%ы бала бакча менен камсыз болот.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, өлкөдө 3төн 7 жашка чейинки балдардын саны 600 миңди түзөт.

Буга байланыштуу экономика министри Санжар Мукамбетов буга чейин бала бакчаларды курган ишкерлер үчүн киргизилген жеңилдиктерди кайра карап чыгууну сунуштады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, ишкерлер үчүн салык багытында шарттар түзүлгөн, бирок жергиликтүү бийлик органдары ишкерлерди кызыктыруу боюнча иштерди жүргүзбөй жатат.

Пикир

Оставить комментарий