• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда балдардын саны 2,3%га көбөйдү – сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек. 01.06.22. /Кабар/. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул дата жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2021-жылдын башында Кыргызстанда курагы 18 жашка чейинки 2 млн. 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түздү. 2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынан:

  • 44% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн. 118 миң адам);
  • 43% - 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн. 74 миң адам);
  • 13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң адам).

Балдардын көпчүлүгү (67%) айыл жергесинде жашашат.

2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бештен бир бөлүгүнө жакыны (19%) бул катталган никеде турбаган энелердин балдары. Бирок, акыркы жылдары мусульмандардын салтына ылайык никелешеүү кеңири жайылып кеткендигин белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеге турбай төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да энеси да бар. Муну менен бирге, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын санынан 50% ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 50% - энелеринин гана арызы менен катталган, мындай балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышат.

Өлкөдө жугуштуу ооруларды төмөндөтүү максатында оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2021-жылы 99,4% кургак учукка каршы эмделген 1 жашка чейинки балдарды камтыды, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк – 90,7%, корь, эпидемиялык паротит жана краснухага каршы эмделгендердин саны – 94,4% түздү.

Өлкөдө ата-энесинин багуусунан ажыраган балдардын үй-бүлөлөрүндө жашоо жана тарбиялануусуна болгон укуктарды иштетүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

2021 - жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 13,7 миң бала болгон, анын ичинен 5,4 миңи томолой жетимдер, анын 8,3 миңи – камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 5,4 миң бала багып алынган. 2021-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 2,2 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 790 - томолой жетимдер.

Ата-энесинин кароосу жок калып, башка үй-бүлөнүн тарбиясында калган балдар менен өспүрүмдөрдүн саны, жынысы боюнча
(миң адам)

Нет описания.

2021-жылы 1 670 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусуна, 638 бала асырап алынган, алардын ичинен 633 бала - кыргыз үй-бүлөлөрү, 7 – чет өлкөлүк жарандар тарабынан багып алынган. 2021-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 1 миңге жакын жетим бала жашаган.

Ата-энесинин багуусусуз калган, башка үй-бүлөлөрдө жана интернат мекемелеринде тарбиялануудагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны
(миң адам)

Нет описания.

2021-жылдын аягына карата республикада 1,7 миң мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеген, аларда тиешелүү курактагы балдардын жалпы санынын 24% же 200 миңге жакын бала тарбияланган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,8% көп.

2021/2022-окуу жылынын башында республикада 2 333 күндүзгү жалпы билип берүү мектептери иштеген, анда 1 млн. 407 миң бала окуган. Алардын ичинен ар турдүү предметтерди тереңдетип окутуучу 435 мектептерде 350,2 миң бала, 143 гимназияда – 192,1 миң бала жана 65 лицейде – 44 миң бала окуган.

Пикир

Оставить комментарий