• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасы жакшыртылууда

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстандагы медициналык мекемелерде балдарга кыска мөөнөттүү стационардык жардам көрсөтүү системасы алдыда аймактарга киргизилип, жакшыртылат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев билдирди.

Анын айтымында, аталган система узак мөөнөттүү ооруканага жаткырууга муктаж болбогон балдарга стационардык жардамды оптимизациялоо максатында фонд тарабынан иштелип чыккан.

“Кыска мөөнөткө ооруканага жаткыруу стационардын балдарга суткалык стационардык медициналык жардам көрсөтүүгө арналган түзүмдүк бөлүктөрүндө ишке ашууда”, - деди Калиев.

ММКФнын төрагасынын маалыматына караганда, учурда республиканын балдарга стационардык жардам көрсөткөн 77 саламаттыкты сактоо уюмдарында кыска мөөнөттүү ооруканага жаткыруунун 720 койкасы ачылган.

Алардын ачылышы менен Калиев белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатынын жакшыруусу – бейтаптын келип түшкөн убактысынан биринчи кийлигишүүгө чейинки убакыттын кыскаруусу, негизги лабораториялык кызмат көрсөтүүлөргө күнү-түнү жеткиликтүүлүк, керектүү дары-дармек жана шаймандар менен камсыздоону жакшыртуу байкалууда. Ошондой эле финансы каражаттарын пайдалануунун эффективдүүлүгү байкалууда.

Алдыда балдарга кыска мөөнөттүү стационардык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, аялдарга акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө кыска мөөнөттүү ооруканага жаткыруу бөлүмдөрүн ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий