• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда балмуздакты экспорттоо 40%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Өткөн жылы ата мекендик өндүрүштөгү балмуздакты экспорттоо 40%га өстү. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин Кыргызстандын 2022-жылдын 11 айына карата тышкы жана өз ара соодасы тууралуу отчетунда келтирилет.

Кыргызстандын пломбир жана эскимосунун башкы импорттоочусу казакстан болуп саналат, ал өткөн жылы жалпы көлөмдүн 99,5%ын, ал эми 2021-жылы 99,1% сатып алган. 2021-жылы казакстандык импортерлор ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 3,5 миң тонна балмуздак сатып алышкан, ал эми 2022-жылы 40%, бул 4,9 миң тоннага көп.

Муну менен катар Кыргызстандан Өзбекстанга базмуздан экспорту 10%га өссө, ал эми Россияга экспорттоо тескерисинче 2 эсеге азайган.

Пикир

Оставить комментарий