• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда балык өстүрүү эки эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда балык өстүрүү эки эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө негизинен товардык балыктын эки түрү - кипринид жана асан-үсөн форель өстүрүлөт. 2021-жылы товардык балык өндүрүү 10 миң 344 тоннаны түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миң 139 тоннаны түзгөн.

"Өндүрүштүн өсүшү менен бирге экспорттук потенциал да өсүүдө. Эгерде 2020-жылы экспорт 3 миң тоннадан бир аз ашык болсо, 2021-жылы экспорт 5 миң тоннадан ашкан. 2021-жылы Кыргызстандан 5139 тонна экспорттолгон", - деп айтылат маалыматта.

2021-жылы Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой жана Токтогул суу сактагычтарында балыктарды жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Жалпысынан балыктын ысык-көл форели, ак балык, карп-сазан сыяктуу түрлөрүнүн 17 млн 600 миң чабагы кое берилген.

Белгиленгендей, Кыргызстандын бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 194 балык чарбасы катталган, анын ичинен 30 чарба Россия, Казакстан жана үчүнчү мамлекеттерге балык жана балык азыктарын экспорттойт.

Пикир

Оставить комментарий