• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда банктар арасында футбол таймашы өттү

Спорт 0

Бишкек, 12 - июнь /Кабар/. 15-апрелден тартып 10-июнга чейин уланган банктардын арасында уюштурулган футбол таймашы жыйынтыкталып, жеңүүчү катары “Толубай банк” аныкталды. Аталган турнирди Кыргызстандагы банктар бирикмеси уюштурган.

Таймаш дени сак жашоо образын даңазалоо максатында ар жыл сайын өткөрүлүп келет. Ага 20 команда катышып, 98 оюн өткөрүшкөн.

Турнирдин өзгөчөлүгү, анда эки кубок ойнотулат. Биринчиси Банктардын кубогу, экинчиси Air кубогу. Бул саам экинчи кубокту “Азия Банкынын” кызматкерлери жеңсе, үчүнчүгө “Улуттук банк” татыган.

Ал эми Банктардын кубогу үчүн жүргөн таймашта үчүнчүгө “Мөл Булак” экинчиге “Халык” банк, ал эми биринчиликти “Толубай банк” илип кеткен.

Булак: Акчабар

Пикир

Оставить комментарий